Сүлүктүдө милиция кызматкерлери мечиттерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Сүлүктүдө милиция кызматкерлери мечиттерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сүлүктү ШИИБнин милиция кызматкерлери Сүлүктү шаарындагы жума намазы окула турган мечиттерде бүгүн 11-март күнү Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровтун каада-салт, үрп-адаттарды колдонуудагы ысырапкерчиликди жоюу боюнча чыгарган Жарлыгын жеткирүүдө.

Жума намазына келген аксакалдар, шаар тургундары бул Жарлыкты туура колдошуп, ашыкча чыгым шаар тургундарынын экономикалык жана социалдык жактан зыянга учураткандыгын билдиришип, ар бир шаар тургундарына жеткириүүсү керек экендигин билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД