Бакай-Атада милиция акимчилик менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында милиция акимдин орун басары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн 11-март күнү Бакай-Ата ​ РИИБи ​ милициянын көчмө кабылдамасы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатвасын жеткирүүдө.

Райондун акиминин орун басары ​ Батырбекова Айгул Абдрасуловна, Бакай-Ата РИИБнин начальнигинин орун басары милициянын подполковниги​ жана билим берүү мекемесинин өкүлү менен бирдикте Өзгөрүш айылынын Кашка-Суу орто мектебинде окуучулардын ата-энелери менен жолугушту. Жолугушууда ​ Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруу максатында жарпандарга түшүндүрүп жатышат.​ Маркумду жерге коюу, эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүдө ​ ысырапкерчиликке жол бербөөгө, Кыргыз Республикасынын дин ​ ​ ченемдерди сактоого чакырышууда. Жарандар тарабынан бул жарлык түшүнүү менен кабыл алынды.

Бул чаралар Өлкөнүн президенти тарабынан жарандарга кам көрүү, социалдык абалды, өзгөчө жарандардын үй-бүлөлүк бюджетине кам көрүү максатында экендиги жеткирилип жатат. Ысырапкорлукка жол бербөө менен бүгүнкү күндө ар бир үй бүлөнү финансылык абалына ​ жеңилдик болоору айтылууда. Бакай-Ата ​ РИИБнин кызматкерлери ​ ар бир айылды ​ ​ милициянын көчмө кабылдамасы менен кыдырып, топтошкон эл арасында​ түшүндүрүү иштерин алып барышууда. Жергиликтүү калк ​ бул иш чараны түшүнүү менен кабыл​ алышып, Президенттин Жарлыгын колдоо керектигин билдиришүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД