Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү башталды

2022-жылдын 1-мартынан тарта КР Куралдуу күчтөрүнө жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 18 жашка чыккан жарандар буга чейин алгачкы аскердик каттоодон өткөн. Бул максатта бардык жерде аскер комиссариаттары тарабынан чакырылуучу, анын ата-энеси, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жолу менен жашаган жери боюнча аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш болгон жарандарга изилдөө жүргүзүлдү.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча чакыруу комиссияларына аскерге чакырылуучулар боюнча объективдүү чечим кабыл алуусу үчүн толук маалыматтар берилет.

Республиканын чогултуу пункттарында бекитилген график боюнча мындан аркы аскердик кызматын өтөп жаткан жерге бара турган аскерге чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу аземи болот.

Белгиленгендей, аскерге чакырылуучулар Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, КР ЖАМКнын кошуундарында жана бөлүктөрүндө кызмат өтөшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД