Штаб: Эмдөөдөн өтүңүз, өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыз!

Эмдөөдөн өтүңүз, өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыз!

COVID-19га каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаал турукташып калды. Суткасына 870 жаңы учур катталган январдагы оорунун кезектеги күчөшүнөн кийин туруктуу азаюу белгиленүүдө. Акыркы жумаларда 20-30 учурдан аныкталып жатат. Бирок бул биз коронавирусту жеңдик дегенди билдирбейт!

Белгилүү болгондой, оору толкундуу мүнөзгө ээ.

"Биздин байкоолор боюнча акыркы эки жылда оору жазга карай кыскарууда. Бирок жай мезгилине жакын, майдын ортосу - июнь айынын башында кайрадан өсүш болот. Мындай тобокелдик быйыл да бар. Ошондуктан биз жарандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырып жатабыз, азыр бул үчүн ыңгайлуу учур. Ал эми вакцинанын эки дозасын алгандарга иммунитетти бекемдөө үчүн бустердик дозаны алуу зарыл", - деди Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Динагүл Оторбаева.

Эмдөө - бул оорунун алдын алуунун жана өмүрдү сактап калуунун коопсуз жана натыйжалуу ыкмасы. COVID-19га каршы эмдөө илдеттин оор өтүшүнөн жана өлүмдөн сиздерди гана эмес, эмдөөгө каршы көрсөтмөсү бар жакындарыңызды дагы сактайт. Анын ичине оор дартка чалдыккан бейтаптар жана вакцинанын кайсы бир компонентине аллергиясы бар адамдар кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД