Баткендеги чек ара чыры. Эки тараптуу делегация кайрадан жолугушту

Эки тараптуу делегация кайрадан жолугушту. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 11-март күнү болжол менен түнкү саат 02.50 чамасында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу орун алган.Тагыраагы Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Эки-Таш жерлигинде катталган.

Чыр-чатактын мындан ары күчөп кетпөөсүн алдын-алуу максатында эки тараптын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон делегация жолугушту.

Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде катталып жаткан окуялардын келип чыгуу себептери жана тынчтыкты кармап калуу жолдору боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды.

Окуя боюнча ички иштер органдары эки тарапта иликтөө иштерин жүргүзүү, тажик тарап Эки-Таш жерлигинде элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле эки тараптын күч түзүмдөрү жаралган кырдаалдарда ок атуучу куралдан ок чыгарбоо, чек аралаш аймактарда жаралган кырдаалдарды сүйлөшүү жолу менен гана чечүү чечимине келишти.

Учурда чек ара тилкесиндеги кырдаалды курчутпоонун алдын алуу боюнча Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин тапшырмасы менен тиешелүү жумуштар жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 10-март күнү да саат 10:50 чамасында, Баткен районунун Тескей жерлигинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгон.

Окуяга байланыштуу эки тараптын делегациясынын жолугушуусу, сүйлөшүүлөрү уюштурулган.

Учурда Баткен районунун аймагында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал туруктуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД