Ысык-Атада унаа тетиктерин, мүрзөдөгү отургучтарды уурдаган адам кармалды

Ысык-Ата районунда бир нече уурулук фактысына шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында уурулук кылмыштарына шектелип 1982-жылы туулган С.М. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул боюнча Ысык-Ата РИИБүнө бир нече жаран арыз менен кайрылып, автоунаа тетиктерин, темир түтүктөрүн, темир отургучтарын жана мүрзөдөгү темир отургучтарды белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдиришкен.

Жогорудагы фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде жогорудагы жаран шектүү катары кармалып, анын дагы төрт кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги такталган.

Териштирүү иштери улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД