Таласта милиция ишембилик өткөрдү

Бүгүн 12-март күнү Талас ОИИБнин кызматтык үйлөрүнүн айланасына карагайлар тигилди. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ОИИБне караштуу мүлктөрүнүн бири бул Талас шаарынын бир бөлүгүндө жайгашкан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн ведомстволук имараты, кызматтык үй жана ага тиешелүү ээн талаа.

Ээн талаа бош калбаш үчүн Талас ОИИБи ал жерди жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында жыл аралык бак дарактарды тигип турат. Ал эми бул сапар ал жерге Талас ОИИБнин жетекчилери карагайларды тигишти. Карагай бат өсүүчү ийне жалбырактуу кооз декоративдүү дарак. Ал жерге көрк гана бербестен өзүнүн эфир майын бөлүп чыгаруу менен айланасындагы адамдарга оң таасирин тийгизет.

ОИИБнин кызмат башчылары жамгыр жааганына карабай ишембилик кылчу жерди таштандылардан тазалап, карагайларды тигип, суу куюп, ынтымакта жана жакшы маанайда ишти аякташты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД