Кыргызстанга 22 тонна тоок этин мыйзамсыз алып кирүүгө аракет көрүлгөн

Казакстандан Кыргызстанга 22 миң кг тоок этин мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан текшерүү учурунда тоо этинин ветеринардык коштомо документтери жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.

"Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Казакстанга "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу артка кайтарылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД