14-марттан тарта орус рублинин курсу "Блумберг" аркылуу аныкталат

Орус рублинин кыргыз сомуна карата расмий курсун аныктоо тартибине убактылуу өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматта төмөнкүчө айтылат:

Ички валюта рыногунда чет өлкө валютасын алып кайра сатуу операцияларынын болушуна жол бербөө максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамынын 20, 29, 35, 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелеринин орус рублинин кыргыз сомуна карата расмий курсун эсептөө тартиби боюнча 22-пунктунун аракети убактылуу токтотулсун.

2. Орус рублинин кыргыз сомуна карата расмий курсун эсептөө төмөнкү тартипте аныкталсын: орус рублинин кыргыз сомуна карата расмий курсу Бишкек убактысы боюнча мурунку соода күнү саат 15:00дөн учурдагы соода күнү саат 15:00гө чейинки мезгил аралыгында "Блумберг" маалымат агенттиги/"Рейтер" маалымат агенттиги тарабынан белгиленген, орус рублине карата АКШ долларынын максималдуу жана минималдуу курсу аралыгындагы орточо маанинин негизинде кросс-курс боюнча эсептелет.

3. Токтом 2022-жылдын 14-мартынан тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин колдонулат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД