Бишкекте Кыргызстан географиялык коомунун II съезди болуп өттү

13-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Кыргызстан географиялык коомунун II съездине катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Талант Мамытов Кыргызстан географиялык коомунун камкоорчулар кеңешинин төрагасы. Алсак, аталган коом география тармагындагы адистерди, экологдорду, саякатчыларды, коомдук ишмерлерди жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүн бириктирген уюм болуп эсептелет.

Съездде сөз сүйлөгөн Төрага Талант Мамытов экологияны коргоо маселеси дүйнө жүзүндө актуалдуу жана маанилүү маселелердин бири экенин белгилеп: "Президентибиз Садыр Жапаров да Глазго жергесинде өткөн БУУнун климаттык саммитинде тоо-мөңгүлөрдү сактоо маселесине токтолуп, климаттык өзгөрүүнүн терс кесепеттерин жоюу тууралуу сунуштары менен бөлүшкөн. Дүйнө коомчулугу айтылган демилгелерди колдоп, БУУнун Башкы ассамблеясы 2022-жылды - "Эл аралык тоолор жылы" деп жарыялоо тууралуу резолюция кабыл алды. Ал эми Кыргызстанда "Тоолорду коргоо жана климаттык туруктуулук жылы" деп аталды. Анткени, бүгүнкү күндө адам баласынын жаратылышка тийгизген терс таасири эң жогорку катастрофалык деңгээлге чейин жетти десек болот. Кыргызстанды байырлап келген ак илбирс, Тянь-Шань күрөң аюусу, "Марко Поло" тоо текеси, кызыл китепке катталган Баткендеги Айгүл гүлү сыяктуу сейрек кездешүүчү өсүмдүктөр менен жаныбарлардын түрлөрү жок болуп кетүү коркунучунда. Ал эми жер-жерлерде браконьерлер менен күрөшүү, туш келди ташталган таштандыларды тазалоо жана кайталангыс табиятыбызды коргоп калуу зарылчылыгы пайда болууда. Бул үчүн аймактарда иш жүргүзүп келе жаткан биздин экоактивисттерибизге жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдардын колдоосу өтө керек", - деди.

Муну менен катар калк арасында жаратылышты коргоо маданиятын жогорулатып, экология маселесине активдүү тартуу зарылчылыгын кошумчалады.

Андан тышкары, Кыргызстандын жаратылышы өзгөчө жана кайталангыс экенин айткан Талант Мамытов: "Биздин алдыбызда география илимин популяризациялоо, улуттук баалуулуктарыбыз менен тарыхый мурастарыбызды өнүктүрүү маселеси турат. Ошондой эле жаштар арасында волонтерлук штабдарды колго алуу, аймактардагы камкордук кеңештерин калыптандыруу жана экотуризмди өнүктүрүү да учур талабы", - деди.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында "Экологиялык тартип" коомдук уюму тарабынан жаратылышты коргоо жана мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүү багытындагы тасма көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында Төрага Талант Мамытов Кыргызстан географиялык коомунун жана "Экологиялык тартип" коомдук уюмунун өкүлдөрүнө экологияны коргоо жаатында жасап жаткан жигердүү ишмердүүлүктөрү үчүн Жогорку Кеңештин Ыраазычылык каттарын тапшырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД