Жыл башынан бери абакта отурган 70 адамга паспорт берилди

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткандарга, ошондой эле кылмышка шектүү же айыпкер катары камакта отурган жарандарга 70 ID-карта берилди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын тарбиялык, социалдык-психологиялык иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин аракетинин аркасында ишке ашырылган.

"Алар муктаж болгон жарандарга 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун тапшырышты.

Бул иш мындан ары да жигердүү улантылат", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД