Нарын шаарында батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ленин көчөсүндө жайгашкан үйдүн 54-батиринин бекилип калган эшигин ачып берүү боюнча маалымат түшкөн.
Куткаруучулар батирдин ичинен 1971-жылы туулган Ж.А. аттуу эркек кишинин жансыз денесин алып чыгып, маркумду ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жерине 2 куткаруучу тартылган.