Бишкекте каракчылык кылган деп 2 жаран кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери каракчылыкка шектүү жарандарды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 11-мартында болжол менен саат 22:10 чамасында Бишкек ШИИББнин "102" кызматынан Хвойная көчөсүндө каракчылык кылып жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1988-жылы туулган Т.Н. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен белгисиз жарандар арыз ээсине карата күч колдонуп, "Самсунг-А30А" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алган. Мына ошол жарандарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Ө.К.жана 1993-жылы туулган Ы.М. аттуу жарандарды кармашып, Свердлов районундук ИИБнын Тергөө кызматна жеткиришкен.

Бул факты боюнча Свердлов районундук ИИБгы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД