Ошто YouTube аркылуу экстремисттик материалдарды таратууга шектүү кармалды

Ошто экстремисттик материалдарды таратууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы Ош облусунун тургуну Р.Ж. өзүнүн YouTube`дагы каналы аркылуу экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү маалыматтарды таратууга шектелүүдө.

Териштирүү иш-чараларынын жүрүшүндө Р.М.нын 30 жаштагы агасы жана эжеси Сириянын аймагында экени аныкталды.

Аталган факт "Экстремисттик материалдарды даярдоо жана жайылтуу" беренеси боюнча каттоого алынды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД