Молдовановкадагы абакка баңги зат киргизишмекчи болгондор кармалды

Молдовановка айылында кылмыштуу дуэт кармалды. Алар түзөтүү мекемесине контрабандалык жүктөрдү жеткирүүгө үлгүрбөй калышты. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 11-мартынын кечинде Жаза аткаруу кызматынын Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан №27 жана №1 мекемелеринин кызматкерлери тарабынан түзөтүү мекемесине тыюу салынган буюмду киргизүү аракетине бөгөт коюлду.

Ыкчам-издөө иш чараларынын натыйжасында кармалган Э.у.Б. жана Ж.Ч.Б.,аттуу жарандар жалпы салмагы 1 кг 804 граммды түзгөн, кочкул жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар скотч менен оролгон 8 таңгакты түзөтүү мекеменин аймагына ыргытууну көздөшкөн.

Бул факты Аламүдүн ИИБнында катталып, кармалган жарандар дагы, бардык чогултулган материалдар дагы тергөөгө өткөрүлүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД