"Ала-Тоо" аянтында, Орусия элчилигинин алдында митинг кылууга тыюу салынды

Бишкектин айрым жерлерине бир айлык мөөнөткө митинг өткөрүүгө тыюу салынды.

Биринчи май райондук сотунун 11-марттагы чечимине ылайык, 11-марттан 11-апрелге чейин (кошкондо) мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чаралардан сырткары жарандар жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан уюштурулган митинг-акцияларды Манас көчөсүнүн №55 дарегинде жайгашкан Россиянын элчилигинин алдында, борбодук "Ала-Тоо" аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик аппаратынын имаратынын алдына өткөрүүгө чектөө коюлат.

Жарандар жана өкмөттүк эмес уюмдар митинг-акцияларды Бишкектин Рыскулов жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Максим Горький атындагы скверге өткөрө алат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД