Ош ОИИБдин экс-жетекчиси атчан Жогорку Кеңешке келди

Ош ОИИБинин мурунку жетекчиси Абдылда Капаров Өкмөт үйүнүн жана Жогорку Кеңештин алдына атчан келди. Анын артында Орусиянын президенти Путиндин портрети илинип турган. Анын мындай сүрөттөрү Фейсбукта тарап кетти.

Бул боюнча Милициянын кайгуул кызматынан төмөнкүлөрдү билдиришти:

"Абдылда Капаров милициянын кайгуул кызматы тарабынан кармалып Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Милиция кызматкерлери тарабынан ага карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң үйүнө кое берилди".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД