
Милициянын кайгуул кызматкерлери көчөдөгү акча чогулткан кайырчыларды жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эки күндүн ичинде 104 жаран жеткирилди.
Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери автоунаа жүрүүчу чоң жолдордо кайырчылык менен айдоочулардан акча чогулткан жарандарга жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Айрыкча тилемчилик менен алек болгон жарандар чоң көчөлөрдүн кесилишинде турушуп, (кээде коляска менен ) айдоочулардан акча чогултуу учурунда башка жол кыймылынын катышуучуларына абдан эле тоскоолдуктарды жаратууда. Айдоочулар алардан айланып өтөм деп, кээде жол кырсыгына кабылып, же "коопсуз шаар" долбоорунун алкагында орнотулган видео көзөмөлдөрүнө түшүп калган фактылар катталууда.
Ошондуктан милициянын кайгуул кызматкерлери бул жарандарга карата атайын иш-чараларды жүргүзүп, ал жарандардын аты жөнүн тактоо менен жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирүүдө.
Ошол эле учурда мектептерге жакын аймактагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жер төлөлөрдөгү отурган кайырчылардын да аты жөнүн тактоо менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жалпысынан дем алыш күн дөрү 104 кайырчылык кылган жаран милиция бөлүмдөрүнө, 11 жаран Коломто муниципалдык жайына ошондой эле 2 жаш өспүрүм жаш өспүрүмдөр менен иштешүү кызматкерлерине жеткирилди.