
Кыргызстандын Катардагы элчилигинин көмөгү менен AGRITEQ-2022 эл аралык көргөзмөсүнө катышып жаткан кыргыз компаниялар үчүн 13-мартта Катардын эркин экономикалык аймактарына (QFZ) таанышуу сапары уюштурулду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө Катар эркин аймактар башкармалыгы (QFZA) Катардын эркин экономикалык аймактарындагы компанияларга сунушталган инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана стимулдар боюнча презентация жасап, "Рас-Буфонтас" эркин зонасынын бизнес-инновация паркына таанышуу сапарын уюштурду.
Катар мамлекетинин сүт өнөр жайынын өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышуу максатында Кыргызстандын компанияларынын өкүлдөрү региондогу ири мал фермаларынын бири болгон Катардын "Баладна" компаниясынын мал фермасында да болушту.
Андан тышкары, кыргыз делегациясы үчүн Катардын ири Alfardan Group компаниясынын айыл чарба бөлүмүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба тармагындагы кызматташуунун келечеги, анын ичинде Катар рыногуна ата мекендик продукцияны жеткирүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.