Сузакта бала бакчанын жетекчисине карата кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук прокуратурасы тарабынан мектепке чейинки билим берүү мекемесинде акча каражаттарын мыйзамсыз эмгек акы катары чегерип келген фактысы аныкталган.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, текшерүүдө учурунда Барпы айыл өкмөтүндө жайгашкан "Э." аталышындагы балдар бакчасынын мурунку жетекчиси Г.Б. өзүнүн кызмат абалынан пайдалынып, 2015-2021-жылдар аралыгында аталган балдар бакчасында эмгектенбеген бир нече адамдарга иштеди деп эмгек табелдерин толтуруп, жалпысынан 1 млн 170 миң 200 сом акча каражаттарын мыйзамсыз чегерип келген фактысы аныкталган.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") кылмыш иш козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД