Ысык-Көлдө милиция мектеп окуучуларын китеп окууга үндөшүүдө

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын китеп окууга үндөштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын кызматкерлери Каракол шаарынын мектептеринин башталгыч жана орто класстарынын окуучуларына ачык сабактарды өткөрүштү. Бул жолу, милиция кызматкерлери, окуучуларга алардын милдеттери жана укуктары жөнүндө маалымат берүү адаттагы форматынан алыс болушту.

Ачык сабактар оюн түрүндө жана ачык форматта өткөрүлүп, балдар көбүнчө кайсыл булактардан маалымат алууну жактырарын тандоо мүмкүнчүлүгү берилди. Андан кийин, аларга ошол булактардын пайдалуулугу жана артыкчылыктары кеңири түшүндүрүп берилди. Мындай ачык сабактардын негизги максаты болуп, окуучуларды өздөрүнүн бош убактысын компьютердик салондордо, же болбосо гаджеттер менен өткөрүүнүн ордуна, китептерди окууга багытталды.

"Китеп окуу аркылуу, балдар өздөрүнүн сөз байлыктарын байытып, ички дүйнөсүн жана көз караштарын жакшы жакка өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк ала алышат. Ошондуктан, биз аталган ачык сабактарда окуучуларды жана алардын ата-энелерин көбүрөөк китеп окууга үндөп келүүдөбүз. Анткени, китепти бирге окуу менен балдардын жана ата-энелердин ортосундагы карым катнашы бекемдейт, ошондой эле балдарда жылуу эскерүүлөр түбөлүккө калат", - деп белгилешти мекемеден.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД