ӨКМ кар көчкү түшүүсү мүмкүн болгон аймактар боюнча билдирүү таратты

2022-жылдын 14-мартынан 18-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, төмөнкү аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору:

– Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу);

– 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

– Суусамыр-Талас-Тараз 1-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу);

– Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 68-101 жана 108-113 чакырымдарында;

– Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында;

– Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында;

– Бишкек-Нарын-Торугарт 292-305 чакырымдарында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы);

– Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси) 60-94-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу);

– Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90-чакырымдарында.

Белгиленгендей, аталган унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Белгилүү бир жолдогу чектөөлөр тууралуу маалымат алуу үчүн КР ӨКМнин 112 кызматына кайрылыңыз. Чалуу акысыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД