Сокулукта бирөөлөрдүн жерлерин өзүм билемдик кылып ээлеп алгандар кармалды

Сокулук районунда алдамчылыкка жана бөтөн жерди өзүм билемдик кылып ээлеп алууга шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 9-декабрында Сокулук РИИБүнө 1959-жылы туулган К.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, бейтааныш жарандар анын ишенимине кирип алдоо жолу менен Ново-Павловка айылына караштуу Ак-Ордо жаңы конушундагы жер тилкесин ээлеп алышканын билдирген.

Бул факты кылмыштадын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) жана 212-беренеси (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1959-жылы туулган М.К. жана А.Д. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан.

Териштирүү учурунда кармалган жарандардын дагы ушул сыяктуу 5 кылмыш фактыларына тиешеси бар экендиги такталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД