Түркмөнстанда экс-президенттин уулу президенттик тактыга келди

Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыгып, анда Сердар Бердымухамедов эң көп добуш алган. Бул тууралуу Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайты билдирет.

Шайлоодо президенттик орунга тогуз талапкер ат салышкан. Добуштардын көбүн – 72,97 пайызды экс-мамлекет башчы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов алды.

"Түркмөнстандын Шайлоо кодексине ылайык жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминин негизинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сердар Бердымухамедов шайланган президент болуп таанылды", - деп айтылат БШКнын сайтында.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД