ИИМ: Каржы пирамидасы жарандарды алдоо менен өнүгүп жатат

Каржы пирамидасы жарандарды алдоо менен өнүгүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлиги жарандарга каржы пирамидалардын ишинин мыйзамсыздыгы жөнүндө жана жарандарга "инвестициялардын" ордуна жеңил жана тез киреше сунуш кылган бүтүмдөргө катышпоону эскертет.

Өлкөбүздө жыл сайын бир нече он миңдеген жарандар каржы пирамидалардын курмандыгы болушат. Ар кандай каржы пирамидалар жарандардын чөнтөгүнөн алынган акча менен өнүгүп жатат.

Алдамчылар кыймылсыз мүлк, облигациялар жана акцияларды сатып алууну сунушташат, жогорку кирешелүү интернет долбоорлоруна, курулушка жана айыл чарбасына акча салууга убада беришет. Жогорку натыйжалуу өндүрүшкө инвестиция салууга үгүттөп келишет.

Көпчүлүк жабырлануучулар акчаларынан кол жууганына моюн сунушуп, алдамчыларга карата эч кандай аракет көрүшпөйт. Анын натыйжасында башка адамдарды алдоону улантууга өбөлгө түзүлүүдө. Эгер сиз алданып калган болсоңуз, анда мыйзам чегинде укугуңузду коргоого аракет кылыңыз!

Урматтуу жарандар, эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз каржы пирамидасынын курмандыгы болсо же сизге карата укукка каршы аракеттер болуп жатат деп шектенип жатсаңыз - Ички иштер органдарына токтоосуз кайрылыңыз.

Ички иштер министрлиги жарандарга мамлекетибиздин мыйзамдуу өкүлдөрү болгон мамлекеттик банктарга жана ипотекалык компаниялар менен гана өз ара кызматташууну сунуш кылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД