"Журналисттер" коомдук бирикмеси: Нарында бир эле ЖМК калды

Нарында болгону бир гана жалпыга маалымдоо каражаты калды. Бул тууралуу "Журналисттер" коомдук бирикмесинен билдиришти.

КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2017-жылы аймакта 732 өкмөттүк эмес уюм катталган, ал эми 2021-жылдын маалыматы боюнча, алардын саны 14 уюмга эптеп жетет. 2017-жылы катталган тогуз жалпыга маалымдоо каражаттарынын ичинен бүгүнкү күнү Нарында бир гана жалпыга маалымдоо каражаты иштеп жатат.

Аймакта бир гана телекомпания жана гезит бард. Облуста беш жамааттык медианын болушу, аймактын дагы бир өзгөчөлүгү болуп саналат. Онлайн басылмалар жана радиолор Нарында таптакыр жок.

"КТРКны реформалоо боюнча жаңы мыйзам долбоору кабыл алынып калса, аймакта жергиликтүү телекөрсөтүү дагы калбайт, себеби алар негизинен КТРКнын курамында болот. Ошентип Каракол, Ош жана Жалал-Абаддан айырмаланып, Нарында кыргыз тилинде гана жарык көргөн жалгыз "Теңир-Тоо" облустук гезити гана калат. Нарын облусунун медиа рыногу жалаң кыргыз тилдүү жалпыга маалымдоо каражаттарынан турат", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД