Нарында жактоочумун деп жабырануучудан 6 миң доллар алган жаран кармалды

Нарын шаардык прокуратурасы тарабынан И.к.С. аттуу жалган-жактоочу кармалып, Нарын шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө И.к.С. өзүн жактоочу катары тааныштырып, Нарын облустук соту тарабынан анын тууганына карата оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүнү убадалап, алдоо жолу менен И.Г.С. аттуу жарандын 6 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алгандыгы аныкталган.

Ошондой эле Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, И.к.С. адвокаттык иш жүргүзүүгө лицензиясы жок экендиги такталган.

Учурда ушул сыяктуу башка кылмыштарга жогоруда аталган жалган-жактоочунун катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД