Бишкекте мейманкананын жер төлөсүндө иштеп жаткан майнинг-ферма аныкталды

Бишкекте мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК Бишкек шаардык башкы башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз иштеп жаткан "майнинг-фермаларды" аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында 1997-жылы туулган КРнын Х. Р.Р., аттуу жараны тарабынан "Түндүк электр" ААКнын электр тармактарына мыйзамсыз кошулуу жолу менен "майнинг-фермаларды" түзүп "криптовалюта" алуу боюнча мыйзамсыз иш аракеттери уюштурулганы аныкталган.

2022-жылдын 3-мартында Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан "Тихий-Замок" мейманканасынын жер төлөсүндө "Түндүк электр" ААКнын электр тармактарына мыйзамсыз кошулган 150дөн ашык техникасы бар "криптовалюта" өндүрүү үчүн жабдылган майнинг-ферма табылды.

Белгилей кетсек, өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздигин эске алуу менен "Улуттук электр холдинг компаниясы" ААК тарабынан "майнинг" өндүрүү максатында техникалык шарттарды берүүгө убактылуу тыюу салынган, бул аталган "майнинг-ферманын" мыйзамсыз иштешин көрсөтүп турат.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД