Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилди

Төө-Ашуу ашуусунда аба ырайы калыбына келгенге чейин Бишкек-Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда жана Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, азыркы учурда Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларынын айланасындагы жолдордо кар күрткүсү (катуу, көрүүнүн чектелиши) байкалууда. Ашууларда жолду тазалоого бардык керектүү техникалар тартылып, унаалардын коопсуз өтүүсү үчүн инерттүү материалдар төгүлүүдө.

Айдоочуларды кардын чынжырын алып жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого (тыгын жаралган учурда), тыгын болгон жерге атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, жайкы дөңгөлөктөр менен жүрбөөгө жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД