Бакай-Ата РИИБинин жетекчиси жергиликтүү калк менен жолугушууда

Бакай-Ата РИИБинин жетекчиси жергиликтүү калк менен жолугушууда. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бакай-Ата РИИБинин жетекчиси Шайбеков Марат Бакай-Ата районунун айылдык аймактарында Кыргыз Республикасынын президентинин Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нарбеков Бакытбек, Бакай-Ата районунун акими Имаров Алгынбай Кең-Арал жана Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн 2021-жылы аткарган ишитеринин отчеттук ​ жыйынына катышты. Анда аймактагы жетишкендиктер жана көйгөлүү маселелер көтөрүлүп, тиешелүү тармактар калкка ​ жоопторун беришүүдө.

Шайбеков Марат милициянын көчмө кабылдамасы менен жарандарды кабыл алып, ички иштер органдары милдеттүү болгон суроолорго жооп берип, көйгөйлөрдү жеринен чечүүдө. Жыйынга ​ Талас облустук мамлекеттик администрациянын жана тиешелүү мекемелердин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышууда. Жарандардын баардык кайрылуулары катталып, чечүү максатында каттоого алынды. ​

Жыйында аткарылып жаткан иш чаралар жана облустун жетишкендиктери туралуу баяндамалар берилди. ​ Андан тышкары ​ ​ Кыргыз Республикасынын президентинин "Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгын аткаруу максатында жарандарга түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүп жатат. Маркумду жерге коюу, эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүдө ​ ысырапкерчиликке жол бербөөгө жана ​ коомдук тартипти сактоого чакырышууда. ​

Бакай-Ата ​ РИИБнин кызматкерлери ​ ар бир айылды​ ​ милициянын көчмө кабылдамасы менен кыдырып, жарандардын арыз билдирүүлөрүн кабыл алууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД