УКМК: Бишкекте курулуш компаниясынын башкы директору кармалды

Бишкекте курулуш компанияларынын биринин башкы директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы филиалынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери, жеке нотариусттардын жана Бишкек шаарындагы курулуш компаниялардын биринин башкы директору катышкан туруктуу кылмыштуу топтун бети ачылды.

Тактап айтканда, бул кылмыштуу топ Бишкек шаарында бир катар кыймылсыз мүлкү бар жарандарды аныктап, аларга айтпай жасалма келишимдерди түзүп, ошону менен кыймылсыз мүлктүн ээлерин алмаштырып, андан кийин кылмыштуу аракеттерин жаап-жашыруу үчүн Бишкек шаарындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине пара берүү жолу менен кыймылсыз мүлктүн электрондук базасына жалган маалыматтарды киргизишкени аныкталды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында курулуш компаниянын биринин башкы директору А.М. кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда жогорудагы кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттеринин ушул ишке окшогон фактыларын аныктоо иштери улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД