Ала-Бел ашуусунда жүк ташуучу унаа карга тыгылып калган

Кечээ, 15-мартта Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында Ала-Бел ашуусунда "DAF" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, карга тыгылып калган. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жүк ташуучу унаанын айдоочусу 112 номери аркылуу жардам сурап кайрылган.

Кайрылуу боюнча КР ӨКМнин ыкчам тобунунун 3 куткаруучусу "КаМАЗ" унаасы менен аталган оор жүк ташуучу унаага жардам көрсөтүп, кардан чыгарып беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД