Жогорку сот Алмазбек Атамбаевге чыккан өкүмдү күчүндө калтырды

Жогорку соттун 15-марттагы чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаевага, дарыгер Абдухалим Раимжановго жана Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Калыбек Качкыналиевге карата Бишкек шаардык жана Биринчи май райондук сотунун өкүмдөрү өзгөртүлдү.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Жолдубаева Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү (1997-ж. редакциясы) менен кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза колдонулбастан күнөөлүү деп табылган. Биринчи май райондук сотунун 2019-жылдын 26-августундагы токтому менен анын мүлкүн камакка алуу чечими жокко чыгарылды. Калган бөлүктөр боюнча соттук өкүмдөр өзгөртүүсүз калтырылган.

2020-жылы октябрь окуяларынан кийин мурдагы президенттин адвокаттары "Сот жараянында Атамбаевдин жарыш сөзгө чыгуу жана акыркы сөз алуу укугу бузулган" деп Жогорку сотко арызданышкан. Ал арыз канааттандырылып, иш кайра кароого жиберилген.

2021-жылы 12-октябрда Жогорку сот "Батукаев иши" боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы президентке чыккан өкүмдү кайра күчүнө киргизген.

2021-жылы декабрь айында Башкы прокуратура жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан өтүнүч келтирип, Жогорку сот адвокаттардын арызын карай турган болгон.

2020-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди "Батукаевдин иши" боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. Ошол эле жылы 17-августта Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД