Казакстанда өлкөдөн доллар жана алтын алып чыгууга чектөө киргизилди

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөн 10 миң доллардан ашык акча алып чыгууга тыюу салды. Токаев тиешелүү жарлыкка 14-мартта кол койду.

Токаев муну менен бирге Улуттук банктын 5,10,20,50 жана 10 граммдык аффинаждалган алтын куймаларын, алтындан жасалган Altyn Barys жана күмүштөн жасалган Kumys Barys инвестициялык монеталарын, ошондой эле 100 граммдан ашык аффинаждалган алтынды өлкөдөн чыгарууга чектөө киргизди.

Казакстан президенти бул кадамга "Казакстандын улуттук мүдөөсүн коргоо жана калктын каржы туруктуулугун камсыздоо үчүн барганын" белгиледи.

Казакстандын Улуттук банкы чет өлкөлүк валютаны тышка алып чыгууга киргизилген чектөө Улуттук банктын резервин сактоону камсыздай турганын маалымдады.

Kaspi.kz компаниясынын башчысы жана тең негиздөөчүсү Михаил Ломтадзе доллардын тартыштыгы убактылуу көрүнүш экенин, Орусияга салынган санкцияларга байланыштуу нак валютаны адаттагы каттамдар аркылуу жеткирүү кыйынга туруп жатканын айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД