Орусия Европа Кеңешинин мүчөлүгүнөн чыкты

Орусия уюмдан чыкканы тууралуу Европа Кеңешине кабарлады.

Тышкы иштер министри Сергей Лавров Еврокеңештин башкы катчысына Орусиянын уюмдан чыгышы боюнча чечимди тапшырганын Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары, ЕКПАдагы орус делегациясынын башчысы Петр Толстой Telegram баракчасына билдирди.

"Европа Кеңеши менен диалогду үзүү боюнча бүт жоопкерчилик НАТО өлкөлөрүнө жүктөлөт, алар ушул убакка чейин адам укуктары темасын өздөрүнүн геосаясий кызыкчылыктарын ишке ашыруу жана биздин өлкөгө кол салуу үчүн пайдаланып келишкен", - деди ал.

Толстойдун айтымында, "болбогон саясий жана санкциялык кысымдардан" улам, Орусия бул уюмга эми жыл сайын төлөм бербейт.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өлкө адам укуктары боюнча Европа сотунун буга чейин кабыл алынган чечимдерин "эгер алар Конституцияга каршы келбесе", аткарууну уланта берерин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД