Мушкерлерибиз жаштар арасындагы Азия чемпионатында 13 медаль багынтты

Кыргызстандык боксчулар жаштар жана юниорлор арасындагы Азия чемпионатында 13 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Мелдеш 27-февралдан 15-мартка чейин Иорданияда өттү.

Кыргызстандын юниорлор курамасы 6 коло жана бир күмүш, жаштар курамасы бир алтын, эки күмүш жана үч коло медаль багындырышты.

Юниорлор арасында:

Күмүш медаль:

- Эмир Кылычбеков (50 кг),

Коло медаль:

- Зафарбек Камилов (46 кг),

- Темирхан Данияров (48 кг),

- Рамзан Кадыров (63 кг),

- Мухаммадазиз Закиров (75 кг),

- Азим Чойбеков (80 кг),

- Назбийке Абаева (52 кг).

Жаштар арасында:

Алтын медаль:

- Алмаз Орозбеков (60 кг).

Күмүш медаль:

- Бекзат Эргешов (48 кг),

- Акжол Асылбек уулу (57 кг).

Коло медаль:

- Санжар Тенизбеков (86 кг),

- Арген Бактыбеков (92 кг),

- Жодар Сапарбеков (92 кг).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД