Таласта жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө саптык кароо өткөрүлдү

Талас ОИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-март күнү Талас облустук ЖКККБда начальниги милициянын капитаны Барпиев Максат жол сакчыларды ​ жана кызматтык авто унааларды ​ саптык текшерүүдөн өткөрдү. Облус аймагын тейлеген кызматтык авто унаалардын техникалык абалы, алардын күнү-түнү ыкчам иштөөгө даярдыгы жана ошого тиешелүү мыйзамдуу иш кагаздары текшерилди. Ар бир кызматкердин өзүнө бекитилген документтери, кийип жүргөн формалары жана нормага ылайык экипировкалары кароодон өттү. КРнын ИИМдин ​ жана Талас ОИИБнин иштелип чыккан буйруктары жеткирилип, аткаруучуларга тапшырмалар берилди.

"Жол кыймылын ирээтке келтирип, ички иштер органдарынын жүзү болгонуна байланыштуу, ар бирибиз жарандар менен сылык жана өтө жогорку деңгээлде маданиятты көрсөтүүбүз керек. Жолдоо жүрүү эрежелерин пропагандалоо, айдоочулардын билим деңгээлин жогорулатуу багытына көңүл буруу мезгилдин талабы. Андыктан, ар бириңерди КРнын мыйзамдарын, ИИМдин буйруктарын так аткарууга, коррупциялык аракеттерге барбоого ​ ​ чакырам", - деп ​ Максат Барпиев сөзүн аяктады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД