ЖАКда эл каттоо боюнча окуу семинары өткөрүлдү

Маалым болгондой, 25-марттан 3-апрелге чейин Кыргызстанда кезектеги калкты каттоо жүргүзүлөт. Анын ичинде өлкөнүн жарандары, же гастарбайтерлер, ошондой эле чет өлкөлүктөр, жарандыгы жок адамдар жана башка категориялар бар. Ошондой эле биздин олкодогу бардык турак-жай фондусу да бар. Республиканын алыскы аймактарында бул масштабдуу акция 23-апрелден 2-майга чейин уланат.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы №228 "Кыргыз Республикасынын калкын жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна ылайык, бардык каттоо электрондук форматта, атайын мобилдик тиркемени колдонуу менен биринчи жолу жүргүзүлөт.

Ал эми бул, албетте, тартылган адамдарды квалификациялуу даярдоону талап кылат, ага 28 минге жакын адам тартылат!

Улуттук статистикалык комитет учурда координаторлор, тренер-көзөмөлчүлөр жана эл каттоочулар үчүн тренингдерди уюштурушууда.

Алар Жаза аткаруу кызматынын борбордук аппаратынын имаратында да окуу семинарларын өткөрдү. Анда эл каттоо кызматкерлеринин календарлык планы, инструкциялар жана электрондук анкеталардын формалары, каттоо документтерин толтуруунун тартиби жана башка актуалдуу темалар каралды.

Семинарга ЖАКнын тарбиялык, социалдык-психологиялык иштер башкармалыгынын жетекчиси, и/к полковниги Н.Бердикожоев, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдында түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү, усулдук топтун жетекчиси Л.М. Торгашова, статистика бөлүмүнүн башчысы Р.Чыныбаева, уюштуруу тобунун адиси А.Көкөева, ЖАКнын мекемелеринин жооптуу кызматкерлери катышты.

Эске салсак, эл каттоо акыркы жолу 2009-жылы өткөрүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД