Кайгуул милициясында 2 айда аткарылган иштер боюнча ыкчам кеңешме өттү

Милициянын кайгуул кызматында 2022-жылдын 2 ай ичинде аткарылган иштер боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында башкармалыктын жана полкунун жетекчилик курамы, рота саркерлери жана бөлүм башчыларынын катышуусунда 2 айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өтүп, төмөнкү маселелер каралды.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан 2 айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 56 996 бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулган.

Алардын ичинен :

- Авто унаага тийиштүү документтери жок айдоо 372 ;

-Мас абалында авто унаа башкаруу 600;

- Авто ээнбаштык 7;

-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо 144 ;

-Коопсуз курун тагынбай авто унаа башкаруу 14870;

-Токтоо эрежелерин бузуу.Тыю салынган жерлерде авто унааларды токтотуу 32912;

- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 19 181;

- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3889 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Бул түзүлгөн протоколдор үчүн жалпысынан бүгүнкү күндө 21 401 750 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.

Ошондой эле 2 ай ичинде кайгуул кызматы тарабынан "102" линиясы боюнча 10 330 чакыруулар ыкчам жана сапаттуу тейленген. Алардын ичинен;

-Жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген жарандар 2878;

-"Коломто" муниципалдык жайына жеткирилгендер 258;

Ыкчам кеңешмеде мындан башка да аныкталган кылмыштар, жол кырсыгынын алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча маселелер каралып, жетекчилик тарабынан тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмалар коюлду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД