Баткен милициясы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында эл менен жолугушууда

Баткен районунда милиция кызматкерлери кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагына караштуу Бужум айылындагы Ш.Токсонов атындагы орто мектебинде Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний уюмдарга азгырылбоо, терроризмди жана экстремизмди алдын алуу боюнча семинар болуп өттү. Семинарда милиция кызматкерлери мугалимдер, айыл имамдары менен биргеликте жергиликтүү тургундарга өлкө аймагында тыюу салынган диний уюмдар, диний экстремизм боюнча кенен маалымат беришип, кылмыштуулукка барбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле, Баткенде милиция кызматкерлери элдерге үрп- адаттардагы ысырапкерчиликтер боюнча маалымат беришти. Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагына караштуу Бужум айылында Баткен РИИБнин милиция кызматкерлери менен айыл имам хатиби жегиргиликтүү тургундарга Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун кыргыз элинин каада-салттарын карманууда ысырапкерчиликке жол бербөө багытында чыккан Жарлыгын жеткирип, элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Элдер менен жолугушууда элдин социалдык жана экономикалык деңгээлин көтөрүү максатында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча түшүнүктөрдү берип, куру намыс үчүн материалдык жактан эбегейсиз чыгымдарга учурап жаткандыктары талкууланды. Бужум айылынын жергиликтүү тургундарынан берилген суроолоруна мечиттин имам хатиби жооп берди.

Элет жергеси бул Жарлыкты колдоорун билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД