Жаза аткаруу тутумунун мекемелеринде бет кап режими сакталат

Кыргызстандын түзөтүү мекемелеринде бет кап режими сакталат. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 11-мартындагы №182 протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын жыйыны видеоконференция режиминде өттү.

Жыйындын жыйынтыгында төмөнкүдөй чечим кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте 12-марттан тартып колдонуудагы алгоритмдерге жана инструкцияларга белгиленген тартипте зарыл өзгөртүүлөрдү киргизсин, мында беткаптарды милдеттүү түрдө кийүүнү жокко чыгаруу каралсын. Жогорку окуу жайларында, орто мектептерде жана башка билим берүү уюмдарында, ошондой эле соода борборлорунда, ресторандарда, кафелерде, коомдук тамактануу жайларында, базарларда, музейлерде, спорт сарайларында, китепканаларда ж.б. жайларда.

Ошол эле учурда саламаттыкты сактоо мекемелеринде (мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик), жана коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортто беткаптарды милдеттүү түрдө кийүү нормасын сактоо зарыл.

Бүгүнкү күндө колдонуудагы алгоритмге жана беткаптарды милдеттүү түрдө кийүүнү жокко чыгарууну караган көрсөтмөлөргө эч кандай өзгөртүүлөр киргизилген эмес.

Ушуга байланыштуу жаза-аткаруу тутумунун мекемелеринде эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, беткап кийуу режимин жана мекемелерге барганда милдеттүү ПЦРди тапшыруу өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча мурда көрүлгөн чараларга ылайык актуалдуу бойдон калууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД