"Бишкекжашылчарба" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүндүк бөлүмдөрүндө кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кылжыров Эсенбек Токонович "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Белгилей кетсек, мурунку жетекчи кетүү боюнча өз каалоосу менен арыз жазган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД