Борбор калаада азык-түлүктүн баасына мониторинг жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Русланбек Тагаев "Дордой Моторс" базарында болуп, эң керектүү азык-түлүктөрдүн баасына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте базардын сатуучуларына азык-түлүк жана социалдык маанидеги товарлардын баасын негизсиз жогорулатууга жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Район башчысы социалдык мааниге ээ болгон азык-түлүк товарларына бааны кармап, райондун калкы үчүн жеткиликтүү болушун камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Социалдык маанидеги азык-түлүк товарларына баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында ири "Фрунзе", "Глобус", "Народный" гипермаркеттеринин арасында да түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө.

Бааларды көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар улантылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД