Чүй облусунун түзөтүү мекемелери менен таанышуу болду

Чүй облусунун түзөтүү мекемелери менен таанышуу болду. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемель Садыковдордун Чуй облусунун түзөтүү мекемелерине болгон эки күндүк иш сапары аяктады.

Тактап айтканда, Вознесеновка айылындагы №14 өспүрүмдөрдүн тарбиялоо мекемеси, Петровка айылындагы №8 түзөтүү мекемеси, Беловодское айылындагы №45 жатак абагы, №16 түзөтүү мекемеси, Новопавловкадагы №32 жатак абагы текшерилди. Ошондой эле Новопокровкадагы №3 түзөтүү мекемеси менен бирге Молдовановка айылындагы №1, 27 мекемелери жана №26 жатак абагы камтылды.

Бул сапардын жүрүшүндө тамак-аш, режимди сактоо, ошондой эле түзөтүү мекемелерин коргоону камсыздоо боюнча уюштуруу маселелери талкууланды.

Мекеме жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлүп, оперативдүү бөлүмдөрдү күчөтүү менен бирге жалпы иш боюнча тапшырмалар берилди.

Мекемелер менен таанышуунун жыйынтыгында алардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана эгерде орун алган маселелер жаралса этап-этабы менен чечүү боюнча милдеттер белгиленди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД