Бишкекте маршруттук унааларга карата рейддик иш чара жүргүзүлдү

Маршруттук унааларга карата жүргүзүлгөн рейддик иш чара учурунда 29 укук бузуу аныкталып, 36 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы, транспорт инспекциясы жана Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери менен биргеликте жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспортторду текшерүү боюнча рейддик иш-чара өткөрүштү.

Рейддин алкагында бир катар жол эрежелерин бузуулар, маршруттук унаалардын техникалык бузук абалдары жана санитардык талаптарга жооп бербеген укук бузуулар аныкталып, алардын баарына тийиштүү протоколдор толтуруу менен жалпысынан 36 500 сом айып салынды.

Мындай профилактикалык иш-чаралар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында мындан ары да кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан улантылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД