"Унаа" мекемеси: Lexus унаасы тууралуу маалыматтар калыбына келтирилди

Социалдык тармакка чыккан "Lexus RX" үлгүсүндөгү автоунаасы жөнүндө маалыматтар калыбына келтирилди. Бул тууралуу ИИМдин "Унаа" мамлекттик мекемесинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 2-ноябрында жаңы "Транспорттук каражаттарын каттоо" автоматташтырылган маалымат тутуму ишке киргизилген. Бул жаңы түзүлгөн автоматташтырылган маалымат тутумуна транспорт каражаттарына тиешелүү бардык маалыматтар эски базадан өткөзүлгөн.

Дал ошол которуу учурунда айрым транспорт каражаттарынын кээ бир маалыматтары техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу туура эмес өткөзүлүп калган. Мындай факты жарандык актвисттер тарабынан социалдык тармакка чыккан.

Мекеме тарабынан буга дароо көңүл бурулуп, азыркы учурда социалдык тармакка чыккан "Lexus RX" үлгүсүндөгү 2001-жылы чыгарылган малекеттик номери "I 02 01 AB" автоунаасы "Транспорттук каражаттарын каттоо" автоматташтырылган маалымат тутумунда калыбына келтирилди.

"Унаа" мамлекеттик мекемеси кайдыгер карабаган жарандык активисттерге мекеменин маалыматтарын жарандарыбыз менен бөлүшүп тургандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД