Кумшекер жана өсүмдүк майы өлкө аймактарына жөнөтүлүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун борбордук кампасынан азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу максатында 1 млн кг кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майы бөлүндү.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна караштуу борбордук кампасынын жетекчиси Бактыбек Тайкашкаевдин айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан республиканын аймактарына жөнөтүлгөн кумшекер жана өсүмдүк майын жер-жерлердеги жергиликтүү администрация жетекчилери соода түйүндөрүн аныктап, тийиштүү иш-чараларды жүргүзөт.

"Өлкөнүн түндүк, түштүк региондоруна фонддун борбордук кампасынан өсүмдүк майын жана кумшекерди таратуу иштери жүрүп жатат. Учурда Бишкек шаарына жана Жалал-Абад облусуна азыктар атайын жүк ташуучу унаалары менен жөнөтүлдү. Азыктар республиканын бардык аймактарына кезек-кезеги менен жөнөтүлөт", - деди Тайкашкаев.

Ошондой эле Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун Борбордук кампасында азыктардын кору жетиштүү көлөмдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД