Чек ара чырында көз жумган Каратаевдин үй-бүлөсүнө президент Лексус берди

2021-жылдын апрель-май айларында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда тажик аскерлеринин огунан курман болгон Мамасалы Каратаевдин үй-бүлөсүнө президент Садыр Жапаров унаа белек кылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө башчынын атынан берилген унааны президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев тапшырды.

Облус башчысы маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, ар дайым мамлекет тарабынан тиешелүү жардамдар мындан ары да берилип, көзөмөлдө болорун билдирди.

Белгилей кетсек, чек ара окуясында курман болгон М. Каратаевдин унаасы талкаланган. Маркумдун уулу буга чейин атасынын унаасын калыбына келтирип, айдагысы келгендиги боюнча кайрылуу жасаган. Өлкө башчысы маркумдун уулунун кайрылуусун угуп, анын үй-бүлөсүнө унаа тапшырды. Президентке Каратаевдин үй-бүлөсү өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД