Талас милициясы телефон алдамчыларынан зыян тартпоо үчүн кеңеш берди

Алдамчылардан зыян тартып калбоо үчүн Талас облустук ички иштер башкармалыгы жарандарга​ бир нече эрежелерди карманууну​ сунуштайт!

​ ​ ​ ​ Замандын талабына ылайык, күндөн күнгө технологиянын өсүп өнүгүшү менен жашоонун шарттары жакшырды десек болот. Интернет аркылуу банктагы жана карточкадагы акча каражаттары менен байланышкан ар кандай операцияларды жасоого жеңилдик жана​ мүмкүнчүлүктөр ​ бар. Акча которуу, алуу, коммуналдык төлөмдөрдү төлөө жана башка. Аны менен кошо алдамчылар дагы кулачтарын кенен жайып, алдоо жолу менен жеңил акча табууну көздөп жатышат. Бүгүнкү күндө белгисиз бир телефон номерден чалып, "Сиздин жакын адамыңыз​ кырсыкка учурады (Авария болду, милицияга түштү адвокатка акча керек, же​ утушка ээ болдуңуз) ошого срочно акча төлөө керек​ деген ар кайсы калпты айтып элди алдоо учурлары болуп жатат.

​ ​ Жогоруда айтылган "WhatsApp" тиркемеси жана башка социалдык тармактар ​ аркылуу кызыктыруучу, бат эле байып кетүүнүн схемасы менен маалыматтарды жайылткан учурлар көп кездешүүдө.

Тажрыйбалуу алдамчылар көбүн эсе адамдар менен контактка бат кирген шылуундар болот. Психологиялык чабуул жасоо менен көп нерсеге сөз берип,мактанып, артисттик жөндөмдүү болушат.

​ Алардан жабыр тартпаш үчүн МИЛИЦИЯ кызматы сунуштайт ;​

Телефон аркылуу белгисиз жаран байланышка чыгып, жакын адамыңыздын атынан жардам сурап жатса (акча которууну талап кылса), жакын адамыңыз менен байланышып, маалыматты тактаңыз.

Интернет аркылуу тааныбаган адамдар менен дос болуудан баш тартыңыз.

Эгерде кайрымдуулук жасагыңыз келсе, тааныган билген адамдар аркылуу жана ал каражатыңыз муктаж болгон адамга жеткенин текшериңиз.

Үй бүлө куруу максатында бирөө менен таанышсаңыз, ага эч качан акча каражатын жөнөтпөңүз.(ишеничке кирүү менен алар, ар кандай боор оорутуучу​ шылтоолорду айтса ​ дагы.

Интернеттен товар алуудан мурун ал интернет дүкөндүн так дарегин тактап, анын ишмердүүлүгүн текшерүү керек

Интернет аркылуу тааныбаган адамдар утушка же мураска ээ болдуңуз десе ишенбеңиз жана өзүңүздүн дарегиңизди, паспорт көчүрмө жана башка документтерди жөнөтпөңүз.

Белгилүү бир сумманы төлөп анан дагы бир нече адамды каттатсаң чоң суммадагы акчага ээ болосуң жана айлык ​ чыгып турат деген адамдан оолак болуңуз.

Ушундай фактылар боюнча 102 кызматы маалымдап коюуңарды суранат. Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билбегендик ​ жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД