Бишкекте калкты каттоо үчүн 67 стационардык пункт ачылат

Үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин республикада, анын ичинде борбордо Кыргызстандын калкын жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлөт.

Бишкек шаары боюнча 4001 убактылуу эл каттоо кызматкерин эл каттоого тартуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, калкты каттоо учурунда борбордо 67 стационардык пункт – эл каттоо бөлүмдөрү ачылып, каалоочулар эл каттоого катыша алышат. Биринчи май районунда - 15, Ленин районунда - 20, Октябрь районунда -11 жана Свердлов районунда - 21.

Буга чейин 1999 жана 2009-жылдары өткөрүлгөн эл каттоодон негизги айырмасы, алдыдагы эл каттоо биринчи жолу электрондук маалыматтарды чогултуу ыкмаларын колдонуу менен өткөрүлөт.

Эл каттоодон Кыргызстандын бардык жарандары, анын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле бир жылдан ашык эмес чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары өткөрүлөт. Кыргызстандын чегинен тышкары бир жыл жана андан ашык мөөнөткө жүргөн жарандар үчүн биринчи жолу калкты каттоодо колдонула турган атайын каттоо формасы иштелип чыкты.

Калктын айрым категориялары (аскер кызматчылары, түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар, ошондой эле республиканын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери) КР министрлер кабинети тарабынан белгиленген тартипте тийиштүү органдар тарабынан эл каттоодон өткөрүлөт.

Каттоо ошондой эле убактылуу кармоочу жайларды - ооруканаларды, мейманканаларды, интернаттарды камтыйт.

Бул күндөрү аларга каттоонун тартиби боюнча инструктаж жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, бул маалыматтардын баары өлкө боюнча жана бүткүл ЕАЭБ боюнча толук кандуу экономикалык, демографиялык жана социалдык болжолдоо үчүн зарыл.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД